Коңшу Казакстан жана Өзбекстан мамлекеттеринин Азирети Муфтийлери куттуктоо жолдошуп, анда кызматташтык, үммөт үчүн биргеликте иш алып баруу тилектери айтылат

Бир тууган Казакстан жана Өзбекстан мамлекеттеринин Азирети Муфтийлери Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Абдулазиз кары Закировго куттуктоо телеграммасын жолдошуп, анда жооптуу кызматына ийгилик каалашкан.

«Сиздин жаңы кызматыңыз Казакстан жана Кыргызстан мусулмандарынын диний башкармалыктарынын ортосундагы кызматташтыкты жана бир туугандык байланыштарды мындан ары да чыңдайт деп ишенем. Жараткан Теңир жооптуу ишиңизге береке берсин, Алла Таалам Өзү коргоп, колдосун. Оомийин!»,-деген Казактан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Наурызбай ажы Таганулы.

 Ал эми Өзбекстан мамлекетинин Азирети Муфтийи Нуруддин ажы Халыкназаров ден соолук, күч-кубат тилеп, Ислам жана мусулмандар үчүн көп жыл  кызмат кылып, мамлекеттер ортосундагы тилектештикти, достук алакаларды мындан дагы бекемдөөдө дин башкармалыктардын орду чоң экендигин билдирди.

«Жаратканга миң мертебе шүгүр, акыркы жылдары биздин диний башкармалыктардын өз ара байланышы жаңы деңгээлге чыгып, тездик менен өнүгүп жатат. Бул жолдогу эки мамлекет башчысынын аракети жогору баалоого татыктуу. Элдерибиз эзелтеден жакшы кошуналыкта жашап, бир булактан суу ичип келишкен, эми биз мусулмандардын майрамдарын бир күндө белгилеп, ынтымагыбызды арттырып келебиз! Биз, диний жетекчилер, кошуналыкты, достукту мындан ары өнүктүрүп, тынчтыкты жана жаратмандыкты камсыз кылуу үчүн бардык күч-аракетибизди жумшашыбыз керек. Биз мусулман үммөтүнө кызмат кылуу, элибизге диний жана улуттук баалуулуктарыбызды сактап калуу үчүн жагымдуу шарттарды түзүү боюнча бир туугандык кызматташтыгыбызды мындан ары да өнүктүрүүгө ишенебиз»,-дейт Нуруддин ажы Халыкназаров.