«Апиза эне» ислам институтунда өрт коопсуздугу боюнча практикалык лекция өтүлдү

Ош облусуна караштуу Кара-Суу районунда жайгашкан “Апиза эне” ислам институтунда өрт коопсуздугу боюнча студенттерге  практикалык лекция уюштурулду. Аталган иш-чарага  Кара-Суу району боюнча Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн Өрт өчүрүү жана алдын алуу бөлүмүнүн башчысы, майор Н. Сарыбаев жана Өрт өчүрүү жана алдын алуу бөлүмүнүн улук офицери, майор С. Түгөлбаев, жогоруда аталган окуу жайдын мугалимдери жана студенттери катышты.

Лекциянын алкагында  Өрт өчүрүү жана алдын алуу бөлүмүнүн кызматкерлери электроника, телефон кубаттагыч, электр тогун өткөрүп берүүчү зымдар боюнча маалымат берип, өрт чыккан кезде кантип сактаныш керектиги, өрттү болтурбоонун кантип алдын алуу керектиги, өрт өчүргүчтү (огнетушитель) кантип иштетүү кериктиги боюнча кеңири түшүнүк берип, практика жүзүндө көрсөтүп беришти.

Мындан тышкары, кыштын күндөрү алыска жолго чыгарда маалымат алуу керек болсо, медициналык тез жардам керек болуп калса, чалуу акысыз болгон, 24 саат иштеген 101,112 кыска номуруна чалуу керектиги да айтылды.

“Күйүп же эрип калган 50 сомдук электр шайманды (розетка, выключатель) өз убагында алмаштырбай, жыйынтыгында  чоң өрт кырсыгы катталып, 500 миң сомдук үй күйүп кетет. Андыктан, өрттү өчүргөнгө караганда алдын алуу керек” деп сөзүн жыйынтыктады Өрт өчүрүү жана алдын алуу бөлүмүнүн улук офицери, майор С.Түгөлбаев.

Жолугушуу соңунда студенттер тарабынан суроолор узатылып, жооптор берилди. Ошондой эле мамлекеттин өсүп-өнүгүшү үчүн, ар кандай кырсыктардын болуп кетпеши үчүн Жараткандан тиленип, бата-дуба менен жыйынтыкталды.