Алибек ажы Жусупов: «Кечиримдүү бол» аттуу ыйман кечесине катышты

Ош облусунун мусулмандарынын казысынын орун басары Алибек ажы Жусупов Кыргызстан кинотеатрында өткөрүлгөн «Кечиримдүү бол» аттуу ыйман кечесине катышып, өз баяндамасын жасады.

«Пайгамбарыбыз (с.а.в.)  жаман сөз менен тилдеген адамдарды да кечирип, динди өзүнүн үлгүлүү жүрүм-туруму менен жайылткан. Биз да кечиримдүү бололу «, — деди Алибек ажы Жусупов.

Ошондой эле пайгамбарыбыздын (с.а.в.) өмүр баянынан үлгүлүү окуялардан кыскача баяндап өттү.

Аталган иш-чарага дин аалымдары, шаар тургундары катышты.