Азирети Муфтий Түркия элчисинин дин иштери боюнча кеңешчисин кабыл алды

Бүгүн, 12-февраль күнү Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Абдулазиз кары Закиров Түркия Республикасынын Элчисинин дин иштери боюнча кеңешчиси Салих Сезик менен жолугушту. Азирети Муфтий атайын убакыт бөлүп,  жолугушууга келген кеңешчиге ыраазычылык билдирип, буларга токтолду:

«Биздин боордош түрк эли менен байланыштарыбыз көп. Диний болобу, маданий болобу, тарыхый болобу, орток баалуулуктарыбыз арбын. Өзгөчө диний жагынан алып караганда, акыйда жагынан да, шарият жагынан да, ал тургай диндин үчүнчү бутагы болгон тасаввуфий жагынан да бири-бирибизге чоочун эмеспиз. Дегеним түрк эли да, кыргыз эли да акыйдада — матуридий, шариятта ханафийбиз. Андыктан салттуу ислам багытында көптөгөн биргелешкен иштерди аткарсак болот».

Ал эми Салих Сезик Абдулазиз кары Закировду муфтийлик кызматы менен куттуктап, ары жоопкерчиликтүү, ары машакаттуу жолунда ийгилик кааалап, кыргыз-түрк бир туугандык мамилелерин жана достугун бекемдөөгө дайым даяр экен баса белгиледи.

Азирети Муфтий  Кыргызстандагы дин маданиятынын өсүшүнө Түркиянын салымы, буга чейин биргелешип аткарылган иштер боюнча токтолуп, имамдар курсун улантууну, ажылык жана «халал» индустриясын өнүктүрүүдө тажрыйба алмашууну сунуштады.