Кызыл-Кыяда медресе кыздары чеберчилик боюнча күч сынашты

Бүгүн, 12-февралда Баткен облусуна караштуу Кызыл-Кыя шаарындагы «Азирети Усман» атындагы медресенин кыздары арасында кийим тигүү чеберчилиги боюнча сынак болуп өттү.

Аталган медреседе кошумча кесип берүү максатында чеберчилик курсу үйрөтүлөт. Ошондуктан алардын чеберчилигин арттыруу максатында уюштурулуп, жеңүүчүлөргө Ардак грамота жана кызыктыруучу белектер берилди.

Сынактын жыйынтыгында төмөнкү катышуучулар жеңишке ээ болушту.

1-орун: Мохларбегим Номонова

2-орун: Хайитхон Равшанова

3- орун: Дилолахон Турсуналиева.