Шейх Равиль Гайнуддин Азирети Муфтийге куттуктоо жолдоп, анда руханий чөйрөдөгү ар кандай иш-чараларды биргеликте уюштурууга даяр экенин билдирди

Россия Федерациясынын мусулмандар Дин Башкармалыгынын төрагасынын Кыргызстандагы ыйгарым укуктуу өкүлү , эл аралык мусулмандар форумунун Кыргызстандагы филиалынын жетекчиси Азамат Исмагомбетов

Россия Федерациясынын мусулмандарынын Дин башкармалыгынын башчысы шейх Равиль Гайнуддин Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Абдулазиз кары Закировго куттуктоо жолдоп, анда дин башкармалыктар ортосундагы кызматташуу жаңы этапка чыгарына тилектештигин билдирди.

«Бир катар жылдардан бери Россия Федерациясынын мусулмандарынын Дин башкармалыгы менен биргеликте руханий чөйрөдөгү ар кандай иш-чаралар диний ишмерлердин катышуусунда уланып, коомчулук менен жолугушууларды өткөрүү  салтка айланып калган. Бул жаатта Кыргызстандын белгилүү аалымдары үлгү көрсөтүп, Кыргызстандын көп кылымдык маданиятын жана тарыхын даңазалаган мыкты саамалыктар уюштурулганын баса белгилегим келет», – деди шейх Равиль Гайнуддин.

Муну менен катар ал Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгы менен биргеликте мындан ары да эки тараптуу байланыштын жаңы деңгээлине жетип, дайыма биргеликте тыгыз иш алып барууга даяр экендигин билдирди.