Азирети Муфтий «Ыйман» диний маданиятты өнүктүрүү фондунун төрагасын кабыл алды

Бүгүн, 13-февраль күнү Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Абдулазиз кары Закиров «Ыйман» диний маданиятты өнүктүрүү фондунун төрагасы Зикрулло Махамат уулу менен жолугушту. Жолугушууда эки тараптуу кызматташуу, диний маданиятты өркүндөтүү жана салттуу исламды күчтөндүрүү тууралуу пикир алышты.

«Ыйман» диний маданиятты өнүктүрүү фонду менен буга чейин иштешип, жагымдуу натыйжаларга жетишкенбиз. Эми ушул нерсени жаңы бийиктиктерге көтөрүшүбүз кажет. Өзгөчө имамдардын квалификациялык билимин жогорулатуу, туура нуктагы диний басылмаларды жарыкка чыгаруу, тарбиялык мааниси бар роликтерди жана анимациялык тасмаларды тартуу сыяктуу иштерди биргелешип аткарсак, сөзсүз мыкты результат болот», — деди Азирети Муфтий.

Аталган фонддун төрагасы Зикрулло Махамат уулу диний маданиятты өнүктүрүүгө багытталган биргелешкен иш-чараларды алып барууга даяр экенин, алдыда жакшы пландар даярдалып жатканын жана кызматташтыктын жаңы этабы башталарын билдирди.