Чүйдө имамдар арасында конкурс өтүп, жеңүүчүлөргө баалуу белектер тапшырылды

Чүй облусуна караштуу Чүй районунун «Шабдан Ата» борбордук мечитинде район имамдарына «Мээрим Пайгамбары Мухаммад алейхи салам» аттуу китептен конкурс уюштурулуп, жеңүүчүлөргө баалуу белектер тапшырылды.

Конкурс Чүй районунун баш имам-хатиби Сапарали ажыАкбаевдин демилгеси менен өткөрүлүп, ага «Адеп Башаты» коомдук фонду демөөрчүлүк кылган. Иш-чарага Чүй облусунун мусулмандарынын казысынын орун басары Саясат ажы Асанов, «Адеп Башаты» коомдук фондунун мүдүрү Аскарбек Акимбай уулу, «Ала-Тоо» медресесинин мугалими Рахматулла кары Бегмуродов, фонддун өкүлдөрү Дауд Абы уулу жана Адилет Жапаралиев катышты.

«Бул иш-чаранын максаты пайгамбарыбыз Мухаммадды (с.а.в) дагы да жакындан таануу жана имамдардын ар тараптуу өнүгүшүнө колдоо көрсөтүү болуп саналат. Конкурста жалпысынан 5 орунга баалуу белектер коюлган болчу. 1-орунду жеңип алган имамга кир жуучу машина, 2-орунду ээлеген имамга газ меш, 3-орунду алганга чаң соргуч, 4-орунду алганга мултиварка, ал эми 5-орунду ээлеген дин кызматкерине үтүк белекке берилди. Мындан сырткары жалпы катышуучуларга кызыктуу белектер тапшырылды», — деп билдирди Сапарали ажы Акбаев.