Ош шаардык казыяты калаадагы умра компаниялары менен жолугушуу өткөрдү

Кечээ, 13-февраль күнү Ош шаардык мусулмандарынын казыяты Ош шаарында иш алып барып жаткан умра тур компаниялардын жетекчилери менен алгачкы жолу жолугушуу өткөрдү.

Жолугушууда Ош шаарынын казысы Мирланбек ажы Токтомушов алдыда умрага алып баруучу ажы башчылар жана умрага баруучулар менен сабактарды уюштуруу, сабактарды казыят тарабынан окутуп берүү сунушу талкууланды.

Жыйынтыгында умра тур компанияларынын жетекчилери бул сунушту жактырып, биргеликте умрага баруучуларды окутуу программасын түзүүнү макулдашты.

Айта кетсек, Ош шарында жалпы 15 ке жакын умра тур компаниялары бар. Алардын баары Ош шаардык казыятынын сунушун колдошту.