Абдималик ажы Турсунбеков Ош облусунун мусулмандарынын казысынын орун басары болуп дайындалды

Турсунбеков Абдималик Ибраимович Ош облусунун мусулмандарынын казысынын орун басары болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка облус казысы Сайдамир ажы Жейналиев кол койду.

Абдималик ажы Турсунбековдун өмүр таржымалы

Турсунбеков Абдималик Ибраимович 1980-жылдын 11-апрелинде Жалал-Абад облусунун Аксы районуна караштуу Кызыл-Капчыгай айылында туулган. Кызыл-Капчыгай орто мектебинде билим алган.

Билими: жогорку

1997-2002 — Ош мамлекеттик университетинин теология факультетин бүтүргөн;

2009-2012 — Түркия дин иштери башкармалыгынын Пендик/Хасеки жогорку билим берүү институтунда билим алган;

2015-2017 — Ош облусундагы «Абдыжапар» атындагы ислам институтун ийгиликтүү аяктаган.

Эмгек жолу:

2002-2003 — Ош облустук мусулмандарынын казыятында жооптуу катчы;

2004-2006 — Ош облустук мусулмандарынын казыятында үгүт насаат жана даават иштери боюнча бөлүм башчы;

2007-2009 — Ош облустук мусулмандарынын казысынын орун басары;

2009 — Кыргызстан мусулмандарынын Борбордук көзөмөл комиссиясынын Ош облусундагы өкүлү;

2012-2013 — Абдыжапар ислам институтунда мударрис жана “Даарас-салам” мечитинин имам хатиби;

2013-2014 — Ош облустук мусулмандарынын казыятынын мечит, медреселер боюнча бөлүм башчы;

2014-2023 — Ош шаарындагы “Манас Ата” мечитинде имам-хатиб;

2016-2023 — Ош облустук мусулмандарынын казыятында үгүт-насаат жана мечиттер адиси;

2018-2023 – Кара-Суу районундагы «Жабир» медресесинин мүдүрү;

2017-2024 — Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин мүчөсү кызматын аркалаган.