Жети-Өгүздө муктаж үй-бүлөгө жардам көрсөтүлдү

Ысык-Көл облусуна караштуу Жети-Өгүз районунун Ичке-Булуң айылынын имамы Улан Алымкуловдун демилгеси менен аталган айылдагы муктаж жаш үй-бүлөгө кунаажын белекке берилди. Бул кайрымдуулукка айылдын 1996-жылы туулган жигиттери демөөрчүлүк кылышкан.

«Бүгүн айылыбызда өтө сонун иш-чара болуп жатат. Убактылуу муктаж болуп турган айылдашыбызга бооз кунаажын тапшырып, кубанып турган чагыбыз. Жараткан Алла Таала берекесин берип, малы ушундан ары көбөйүп кетсин. Эч кимге муктаж кылбасын. Демөөрчүлүк кылган жаштарыбыздын ыймандары бекем болуп, ден-соолук, аманчылык каалайм. Аллах алардан ыраазы болсун», — деди имам белекти тапшырып жатып.