Бекназар ажы Жапаров Кара-Таш аймагындагы имамдарга жыйын өткөрдү

Кечээ, 13-февраль күнү Ош облусуна караштуу Ноокат районунун баш имам-хатиби Бекназар ажы Жапаров Кара-Таш аймагындагы мечит имамдарына жыйын өткөрүп, бир нече тапшырмаларды берди.

-2024-жылдагы иш план боюнча иш алып баруу;

— ысырапкорчулуктун алдын алуу;

— жаңы курулуп жаткан мечиттерди кабарлап, эсептик каттоодон өткөрүүнү тездетүү;

— КМДБ, казыят жана хатибият тарабынан берилген тапшырмаларды өз убагында аткаруу.

Ошондой эле башчыга баш ийүү, диний ишмердүүлүктү жакшыртуу ж.б. бир канча темалар талкууланып, тыгыз иштешип келе жаткан имамдарга Ыраазычылык каттар тапшырылды.

Айта кетсек, Ноокат районунун Кара-таш аймагында 11 мечит болсо, анын ичинен экөөсүндө жума намазы окулат.