Баткенде дин кызматкерлери медициналык кароодон өтүштү

Кечээ, 13-февралда Баткен облустук мусулмандарынын казыятынын имаратында дин кызматкерлери үчүн атайын шарттар түзүлүп, дин кызматкерлери менен медресе студентери медициналык кароодон өтүштү.

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги жыл сайын февраль айында республика боюнча эркектер арасында «Жооптуу бол!» айлыгын жарыялаган. Мындан улам аталган иш-чарага Баткен облусунун казысы Нуридин ажы Мамасабиров баш болгон дин кызматкерлери да активдүү катышты.

Облус казысы мечитке келген жалпы жамаатка кайрылып, ислам дининде ден соолук маанилүү орунда экендигин баса белгилеп, өтүп жаткан «Жооптуу бол!» акциясына активдүү катышууга чакырды.

Белгилей кетсек, бул иш-чаранын максаты — жугуштуу эмес ооруларды эрте аныктоо үчүн эркектерди баштапкы медициналык-санитардык жардам кызматы менен камтууну жогорулатуу.