Өзгөндө беш тараптуу иш пландын негизинде жыйын өткөрүлдү

Бүгүн, 14-февраль күнү Ош облусуна караштуу Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясынын жыйындар залында беш тараптуу иш пландын негизинде жыйын өткөрүлдү.

Аталган жыйынга Ош облустук мусулмандарынын казыятынын кызматкери Алибек ажы Жусупов, Өзгөн районунун баш имам-хатиби Акжол ажы Бакиров, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, күч органдары, мектеп окуучулары жана райондогу дин кызматкерлери (мечит имамы, наиб имам, сопу) катышты.

«Бөлүнгөндү бөрү жейт» деп бекеринен айтылган эмес. Ошол себептен «күч биримдикте» деп айтылып келет. Ислам дини улутуна, уруусуна, ак-карасына карабай, баарына бирдей мамиле кылууга чакырат. Тарыхты карап көрсөк, чоң империялар да сырткы күчкө караганда, ички чыр-чатактардан улам кулагандыгын билебиз»- деди Алибек ажы Жусупов.

«Ыйман менен амалды бириктирип кароо адашууга алып келет. «Мусулман адам — жүрөгү менен ишенип, тили аркылуу тастыктаган» деп билебиз. Шарияттагы бир амалды аткарбаган адам динден чыкпайт, күнөөкөр болуп саналат. Жакшы инсан болуу үчүн жүрөк, тил жана көздү жаман нерселерден сактообуз керек. Анткени көзүбүз көргөн жүрөккө кирип, жүрөктөгү тилге чыгат», — деди Акжол ажы Бакиров.

Жыйындын жүрүшүндө ДИМК ТАБдын башчысы Фурхатбек Адилбек уулу жаштардын радикалдашуусу, дин тутуу эркиндиги, тыюу салынган экстремисттик уюмдар, ысырапкорчулуктун алдын алуу боюнча чыгарылган жарлык ж.б. маселелер тууралуу баяндама жасады.

«Мектеп окуучуларына дин тууралуу түшүнүк берүү максатында «Диндердин өнүгүү тарыхы» деген сабак өтүлүүдө. Бул жаштарыбыздын туура эмес агымдарга кирип кетишинин алдын алат. Жаштарга диний билим алууда интернет аркылуу эмес, расмий дин өкүлдөрүнөн алууга чакырабыз. Анткени интернеттеги диний маалыматтар түрдүүчө болгондуктан, анализдей албай адашып калышы мүмкүн. Диний билимди терең алууну каалагандар жашыруун хужралардан эмес, эсептик каттоодон өткөн диний окуу жайлардан алышы керек. Бул аркылуу айтарыбыз хужралардан эмне окутулуп жаткандыгы ачык болбогондуктан, туура же туура эмес экендиги күмөндүү. Өлкөбүздөгү дин тутуу эркиндиги бар болгондон кийин, окуу программасы ачык болгон расмий диний окуу жайлардан каалаганча диний билимди тереңдетип алыңыздар», — деди Фурхатбек Адилбек уулу.

Жыйында укук коргоо кызматкерлери да өз баяндамаларын жасап, иш-чара суроо-жооп менен жыйынтыкталды.