Казыят кызматкерлери Ош шаарында курулуп жаткан мечиттерден кабар алышты

Бүгүн, 14-февраль күнү Ош шаарынын мусулмандарынын казысынын орун басары Мухаммадияр кары Курбанбеков баштаган казыят кызматкерлери калаадагы Туран кичи районунда жана Амир Темир муниципалдык аймагында курулуп жаткан мечиттерди зыярат кылып, курулуш иштери менен жеринде таанышты.

Казы орун басары мечитти куруп жаткан кызматкерлерге ыраазычылык айтып буларга токтолду:

«Сиздердин жасап жаткан жумушуңуздар эң бир сооптуу иштерден. Ошондой эле усталарга көмөк көрсөтүп жаткан жамаатка да терең ыраазычылык. Жакшы ишке себепчи болуу аны аткарууга тете деп айтылат. Биз эзелтен мечиттерди ашар жолу менен курган калкпыз. Бул көрүнүш бизди абдан кубантат», — деп билдирди ал.

Мухаммадияр кары Курбанбеков муну менен катар мечиттер толук эсептик каттоодон өтүп, документтери толук алынгандан кийин гана ишке берилиши керектигин айтып, шаар ичиндеги ар бир салынып жаткан мечиттер казыят көзөмөлүндө болорун белгилеп өттү.