«Имам Сарахсий» мечитинде ажы башчыларга жыйын өтүп, сертификат тапшыруу аземи өткөрүлдү

Бүгүн, 15-февраль күнү Башкы «Имам Сарахсий» мечитинде Ысык-Көл, Нарын, Талас, Чүй облустары жана Бишкек шаарындагы ажы башчыларга жыйын өткөрүлдү. Жыйынга 2024-жылдагы ажылыкты уюштуруу штабынын төрагасы, Азирети Муфтийдин 1-орун басары Самидин кары Атабаев, БТК төрагасы Бакыт ажы Нурдинов, КМДБнын ажылык, умра жана эл аралык байланыштар бөлүмүнүн башчысы Жолдошбек ажы Абдылдаев баштаган муфтият кызматкерлери катышты.

«Ажылык кандай маанилүү ибадат болсо, ажы башчылык да ошондой олуттуу кызмат. Сиздер исламдын соңку тиреги болгон ажылыкты орундатсам деп балким бир өмүр көксөп жүрүп, Алла Таала ыйык деп билдирген ыйык жайларга зыяратка аттанган замандаштарыбызга жол көрсөтүүчү, кызмат көрсөтүүчү озуйпаны аркалайсыздар. Андыктан өтө жоопкерчиликтүү, аманаткөй, сабырдуу болуп, улуу ибадат болгон ажылыкка кызмат кылыңыздар», — деп билдирди.

УРШ төрагасы зыяратчылардын ибадаттык эреже-талаптарды бекем сактоосу жана САПтын тийиштүү мыйзамдарына маани берүүсү керектигине токтолуп, «ажылык бул — машакат» деген хадисти эске салып, зыярат учурунда төл акыйда-мазхабга бекем болууга үндөдү.    

Ал эми БТК төрагасы Бакыт ажы Нурдинов ажылыктагы курмандык чалуу маселеси жана штабга баш ийүү тууралуу айтса, бөлүм башчы Жолдошбек ажы Абдылдаев ажылардын документин толтуруу тариби, медициналык аныктамалар жана эмдөөлөр, учак тартиби, Медина жана Меккедеги тейлөөлөр, автобустар, мейманканалар ж.б. тууралуу кеңири маалымат берип, суроолорго жооп берди.