Ош шаарында Ооган согушунда каза болгондорго Куран окулду

Бүгүн, 15-февраль күнү Ош шаарында Оогандан советтик жоокерлердин чыгарылышынын 35 жылдыгына арналган эскерүү иш-чарасы өттү.

Иш-чарага Ош шаарынын мэринин орун басары Нурбек Кадыров, президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Талантбек Арстанкулов жана Ош шаарынын казысынын орун басары Мухаммадияр кары Курбанбеков катышты.

Ооган согушунда баатырларча курман болгон жоокерлердин рухуна багышталып Куран окулуп, дуба кылынды.

Белгилей кетсек, Ооганстандагы аскердик операциялар 1979-жылдан 1989-жылга чейин – дээрлик он жылга созулган. Учурда Ош шаарында 349 интернационалист жоокер жашайт.