Ноокатта ооган согушунун 35 жылдыгына карата Куран окулуп, дуба кылынды

Бүгүн, 15-февраль күнү Ош облусуна караштуу Ноокат районунун баш имам-хатиби Бекназар ажы Жапаров советтик жоокерлердин Афганистандан чыгарылгандыгынын 35  жылдыгына карата өткөн иш-чарага катышып, Куран окуду.

Аталган иш-чарага жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, күч түзүмдөрү, ооган согушунун ардагерлери катышты.