“Ак-Эшан Ата” медресесинде мектеп мугалимдери менен тажрыйба алмашылды

Кечээ, 14-февралда Баткен облусунун Кадамжай районундагы “Ак-Эшан Ата”  медресесинде Кадамжай районунун Марказ айылындагы “Айрыбаз” орто мектебинин мугалимдери менен тажрыйба алмашуу максатында семинар өткөрүлдү.

Мектеп мугалимдери өз тажрыйба, усулдары менен бөлүшүп, медресе студенттерине сабак өтүп берди.

“Пайгамбарыбыз (с.а.в) бир хадисинде: “Исламды жандандыруу максатында илим талабында жүргөн кишиге ажал жетип өлүм келсе, бейиште аны менен пайгамбарлардын ортосунда бир эле даража айырма болот” деген. Андыктан канча көп билим алсак, ал ошончолук аз экен. Ушул кыска күндө өткөрүлгөн семинардан жакшы пайдаларды алууга аракет кылалы. Семинарды уюштурууга жардам бергендерге, колдоочуларга чоң ыраазычылык билдиребиз”, – деп билдирди уюштуруучулар.