Кара-Сууда мектеп окуучуларына «Адеп-ахлак жана сабырдуулук» аттуу иш-чара өткөрүлдү

Бүгүн, 15-февраль күнү Ош облусуна караштуу Кара-Суу районунун Ак-Таш айыл аймагындагы Жылкелди айылында жайгашкан Токтомуса Алимбеков атындагы №105 орто мектебинде жогорку класстын окуучуларына «Адеп-ахлак жана сабырдуулук» аттуу иш-чара өткөрүлүп, ага Кара-Суу райондук хатибиятынын атынан «Жылкелди» мечитинин имам-хатиби Бахадыр Калыбаев катышты.

«Ислам дини адамдарды адептүү болууга чакырат жана аны үлгү катары башкаларга көрсөтүп берет. Мусулман адам башкаларга үлгүлүү жүрүм-туруму менен өзгөчөлөнүп турушу зарыл. Ошондой эле жашоодо ар түрдүү кыйынчылык жана сыноолорго сабырдуулук кылып, кооз иш алып баруу керек», – деди имам-хатиб Бахадыр Калыбаев.

Лекция суроо-жооп менен жыйынтыкталды.