Баткенде дин кызматкерлери кызамык оорусуна байланыштуу тегерек столго катышты

Жугуштуу ооруларды алдын алуу максатында Баткен облустук мусулмандарынын казыяты Кыргыз Республикасынын Улуттук Кызыл Ай Коомунун Баткен облусундагы филиалы менен биргеликте Баткен облусундагы дин кызматкерлерине  кызамык оорусуна каршы эмдөө маселеси боюнча тегерек стол болуп өттү.

Тегерек столго Баткен казыятынын өкүлү Махмуд ажы Курбанбаев жана  имамдар катышып, аларга  Баткен  облустук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун Ден соолукту чыңдоо канаасынын адистери эмдөөгө байланыштуу маселелер боюнча маалымат берип, элге эмдөөнүн зарылдыгын айтып түшүндүрүү иштерине алып барууда кызматташууга чакырды.

Ал эми казыят өкүлү калк саламаттыгын бекемдөөгө дин кызматкерлери  жигердүү салым кошууга даяр турганын, бул жаатта ар дайым биргелешип иш алып барууга кызыктар экендигин билдирди.