Кара-Сууда ооган согушунда курман болгондор эскерилип, Куран окулду

Бүгүн, 15-февраль күнү Ош облусунун Кара-Суу районунда жайгашкан «Бөкөнбаев» атындагы эс алуу багында Советтик Армиянын Ооган жергесинен чыгарылгандыгына 35 жылдыгына карата иш-чара уюштурулду.

Саамалыкка Кара-Суу райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Темирболот Абыкеев, райондун баш имам-хатиби Абдирашит ажы Батыров, Кара-Суу шаардык бириккен аскер комиссариатынын комиссары Ранат Акматов жана ооган согушунун ардегерлери катышты.

Абдирашит ажы Батыров Ооган согушунда  каза болгондордун рухуна багыштап Куран окуп, мамлекетибиздин тынчтык-амандыгын тилеп дуба кылды.

Кара-Суу райондук мамлекеттик администрациянын башчысы-аким Темирболот Абыкеев катышуучуларды Советтик Армиянын Ооган жергесинен чыгарылгандыгынын 35 жылдык эскерүү күнү менен куттуктады: «Афганистандагы жарандык согушта өзүнүнүн интернационалдык милдетин аткаруу үчүн тогуз жыл бою кан кечип, согушуп келген Советтик жоокерлердин Афганистандан чыгарылгандыгына быйыл 35 жыл толду. Тогуз жылга созулган Ооган согушу миллиондогон адамдардын жүрөгүнө өчпөс так калтырды. Миңдеген жоокерлердин өмүрүн алган Ооган согушуна кыргыз жоокерлери да өздөрүнүн интернационалдык милдетин аткаруу үчүн барышкан. Баардыгы бир максатты көздөп, улутуна карабай согушкан. Бул согушка Кыргызстандан 7000ден ашуун жоокер барып, 254ү курман болгон. 1,5 миндей жоокер ар түрдүү жаракат алып, 600гө жакыны майып болуп кайра кайтып келген. Эки кыргызстандык жоокерге «Советтер Союзунун баатыры» наамы берилген. Бул күн Ооган ардагерлери үчүн өзгөчө маанилүү күн. Жүздөгөн тагдырлар талкалаган, миндеген жаш жигиттерибиздин өмүрүн алып кеткен ал согушту дале эскерип, ардагерлерге сый-урмат көрсөтүү салтка айланып келет. Урматтуу Ооган согушунун ардагерлери! Сиздер азыркы мамлекетибиздин бүтүндүгүн, элдин тынчтыгын жана улуттар аралык ынтымакты сактоодо, өлкөбүздүн өнүгүшүнө зор салымыңыздарды кошуп келесиздер», – деп билдирди.