Баткенде «Кечиримдүү бол» аттуу ыйман кечеси болуп өттү

Үстүбүздөгү жылдын 12-13-14-февраль күндөрү Баткен облусунда “Адеп Башаты” фонду тарабынан «Кечиримдүү бол» аттуу ыйман кечеси болуп өттү. Ага Баткен облусунун мусулмандарынын казысы Нуридин ажы Мамасабиров катышып, өз баяндамасын жасады.

Азирети Мухаммедди (с.а.в.) жакындан таанытып, анын жолу эки дүйнө бактысына жеткирерин даңазалоо максатында уюштурулган иш-чарада облус казысы Нуридин ажы Мамасабиров кечиримдүүлүк туурасында баяндама жасады.

Пайгамбардын (с.а.в) жашоосунан мисалдарды келтирип, аны үлгү катары тутунуп жашоо керектигин баса белгилеп, катышуучуларга пайдалуу маалыматтарды айткан облус казысы баяндамасынын соңунда иш-чаранын уюштуруучуларына ыраазычылык билдирди.