«Абдыжапар» атындагы ислам институтунун студенттери арасында спорттук мелдеш өткөрүлдү

Бүгүн, 15-февраль күнү Ош облусуна караштуу Кара-Суу районунун Шарк айыл аймагында Медресе айылында жайгашкан «Абдыжапар» атындагы ислам институтунун мугалимдери жана студенттери арасында спорттун кичи футбол түрү боюнча мелдеш өткөрүлдү.

Мелдеште жалпысынан 5 команда катышып, алдыңкы орун алгандарга жана мыкты оюнчуларга сыйлыктар тапшырылды.

Жеңүүчү командалар:

1-орун: устаздар командасы;

2-орун: 4-курстун студенттери;

3-орун: 2-курстун студенттери.

Ал эми өзгөчөлөнгөндөр:

Мыкты дарбазачы: Мухаммадюсуф Олтибаев, 1-курстун студенти

Мыкты коргоочу: Нурмухаммед Нажмидин уулу, карылык бөлүмүнүн студенти;

Мыкты оюнчу: Адахан Эсеналиев, 4-курстун студенти;

Мыкты чабуулчу: Бекмамат ажы Калбердиев, устаздар командасынын оюнчусу.

Аталган диний окуу жайда алдыда спорттун волейбол түрү боюнча да мелдеш өткөрүү пландалууда.