Таласта жыл жыйынтыктоочу коллегиялык жыйын өтүп, казыят кызматкерлери сыйланды

КР Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү 2023-жылдын жыйынтыгын чыгарган коллегиялык жыйын өткөрдү. Аталган жыйын К. Медетбеков атындагы облустук драма театрында Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсаловдун катышуусунда өткөрүлдү.

Жыйында Талас облусунда 2023-жылы аткарылган иштер боюнча кеңири маалымат берилип, алгылыктуу иш алып барган бир топ жетекчилерге, кызматкелерге сыйлыктар тапшырылды.

Анын ичинде Талас облусунун мусулмандарынын казысы Сулумбек ажы Узеналиевге жана казынын орун басары Өмүрзак ажы Абдусамат уулуна өкүлчүлүктүн «Ардак грамотасы», ал эми казыят кызматкерлерине ыраазычылык баракчалары тапшырылды.