![](https://muftiyat.kg/wp-content/uploads/2024/02/image-16-02-24-16-45-4.jpeg)
Бүгүн, 16-февраль күнү Ош шаарынын казысынын орун басары Мухаммадияр кары Курбанбеков баштаган казыят кызматкерлери Ош шаардык казыятына караштуу «Сулайман-Тоо» кыздар медресесинин оңдоп-түзөө иштеринин жүрүшүнөн кабар алып, Рамазан айына чейин ишке киргизүү боюнча тапшырма берди.
Окуу жай жетекчилиги оңдоп-түзөө иштерин өз убактысында бүткөрүүгө толук мүмкүнчүлүк бар экендигин белгиледи.
Аталган медресе ремонт иштерине муктаждык болгондуктан, казыят тарабынан оңдоо иштерин жүргүзүү боюнча чечим кабыл алынган эле.