![](https://muftiyat.kg/wp-content/uploads/2024/02/38045a86-2f5a-412d-a30b-28e951662f78.jpg)
Ысык-Көл облусуна караштуу Балыкчы шаарында Советтик армиянын Ооган жергесинен чыгарылгандыгынын 35 жылдыгына карата парад менен коштолгон иш-чара болуп өттү. Аталган иш-чарага шаар мэри Азамат Арнабек уулу, шаардык кеңештин төрагасы, мекеме жетекчилери, Балыкчы шаарындагы аскер горнизонунун аскерлери, Ооган согушунун ардагерлери, Балыкчы шаарынын баш имам-хатиби Чойбек ажы Исакунов, мектеп мугалимдери, окуучулар жана калаанын тургундары катышты.
Жыйындын башында Ооганда курман болгон аскерлерге багышталып Куран окулуп, ардагерлерге каалоо-тилектер айтылып, орден, Ардак грамоталар жана алкыш баракчалары тапшырылды.