Ош шаарында ажы башчыларга жыйын өткөрүлүп, сертификаттар тапшырылды

Бүгүн, 17-февраль күнү Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийинин 1-орун басары Самидин кары Атабаев баштаган ажылыкты уюштуруу боюнча убактылуу республикалык штаб (УРШ) өкүлдөрү Ошко жасаган расмий иш сапарынын алкагында Ош шаарынын борбордук «Имам аль-Бухарий Алай» мечитинде Баткен, Жалал-Абад, Ош облусу жана Ош шаарындагы ажы башчыларга жыйын өткөрүп, сертификаттарды тапшырды.

Самидин кары Атабаев сертификат тапшыруу алдында ажы башчыларга бир катар эрежелер менен тааныштырып, ишти жоопкерчиликтүү иш алып барууга чакырды.

«Жоопкерчиликти алгандан кийин, ажылардын ибадатын мыкты деңгээлде аткаруусу үчүн атайын сабактарды уюштуруп, жакшы кызмат кылып бериңиздер. Өзгөчө акыйда маселелеринде кылдат мамиле кылуу зарыл. Ошондой эле Ажылык штабы тарабынан берилген тапшырмаларды өз убагында так аткарып, тиешелүү эрежелерди сактооңуздар талап кылынат», – деди Самидин кары Атабаев.

Ал эми КМДБнын ажылык-умра бөлүмүнүн башчысы Жолдошбек Абдылдаев ажылардын тиешелүү иш кагаздарын толуктоодо ажы башчылар так болуу керектигин айтып өттү. «Ажылардын делолорун иретке келтирип, толуктоодо жоопкерчиликтүү болуңуздар. Кайдыгер мамилеңиздер бир адамдын ажылык сапарына барышын кечеңдетип коюшу мүмкүн. Өзүңүздөр да көп убара тартып, убакыт кетирип каласыздар», – деди Жолдошбек Абдылдаев.