Абдурашид ажы Юнусов Баткен районунун борбордук “Нуьмани” мечитинин имам-хатиби кызматына дайындалды

Абдурашид ажы Юнусов Баткен районунун борбордук “Нуьмани” мечитинин имам-хатиби кызматына дайындалды. Тиешелүү буйрукка Баткен облусунун казысы Нуридин ажы Мамасабиров кол койду.

Абдурашид ажы Юнусовдун өмүр таржымалы:

Абдурашид ажы Юнсуов 1977-жылы 28-августта Баткен шаарында туулган. 1984-жылы Баткен шаарындагы В.И.Ленин атындагы орто мектебине кабыл алынып, аталган мектепти 1994-жылы ийгиликтүү аяктаган.

Билими: жогорку

1994-1999 – Бишкек шаарындагы Кыргызстан ислам институту;

2020-жылы – Баткен мамлекеттик университетинин дене-тарбия адистиги.

Эмгек жолу:

2008-2010 – Баткен шаарындагы “Мирболот” мечитинин имамы;

2011-2015 – Баткен шаарындагы “Куддус” мечитинин имамы;

2015-2024 –  Баткен шаарынын баш имам-хатиби кызматтарын аркалаган.