Таласта «Жаркын келечек — жарык жашоо» аталышындагы форум өткөрүлдү

Талас шаарындагы К. Медетбеков атындагы облустук драм театрында Талас облустук прокуратурасы өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулукту алдын алуу жана аларга туура багыт берүү максатында «Жаркын келечек — жарык жашоо» аталышындагы форум өткөрдү.

Аталган форумга укук коргоо органдары, мектеп директорлору, ата-энелер студенттер жана мектеп окуучулары катышты.

Форумда прокуратура кызматкерлери тарабынан жаш өспүрүмдөргө болгон мамиле жана миграция, өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулук туурасында доклад окулуп, облус боюнча статистикалык маалыматтар көрсөтүлдү.

Облус казысы Сулумбек ажы Узеналиев, «Жаш өспүрүмдөр тарбияны алгач үй-бүлөдөн, андан кийин мектептен, мечит, медреселерден, коомдон алат. Ошондуктан балага тарбия берүүдө баарыбыз биргеликте иш алып баруубуз керек», — деп билдирди.