Жаңы-Жер айылында жаңы мечит курулуп, пайдаланууга берилди

Кечээ, 18-февраль күнү Баткен облусуна караштуу Баткен районундагы Жаңы-Жер айылында заманбап үлгүдө курулган “Зулпукар уулу Суранчы ата” атындагы мечиттин ачылыш аземи болуп өттү.

Иш-чарага Баткен районунун акими Учкун Жоробаев, КР ДИМКнын Баткен облусундагы өкүлү Чагылган Юсупов, Баткен облусунун мусулмандарынын казысы Нуридин ажы Мамасабиров баштаган дин кызматкерлери, атайын чакырылган коноктор жана айылдын тургундары катышты.

Мечиттин ачылуу аземи Ыйык Куран аяттарын окуу менен башталды. Ачылышта Баткен  облусунун казысы Нуридин ажы Мамасабиров бул мечиттин башка мечиттерден өзгөчөлүгү башка мамлекеттен келген демөөрчүлөр эмес, жергиликтүү айылдан чыккан тургундардын каржылашы менен курулгандыгын баса белгиледи.

«Бул мечит башка мечиттерден өзгөчөлүгү чет өлкөдөн келген демөөрчүлөр эмес, ушул айылдын тургуну Абдурашид Суранчыевдин үй-бүлөсүнүн демөөрчүлүгү менен курулду. Мечиттер адамдын адеп-ахлагын, кулк-мүнөзүн оңдоочу, тарбия берүүчү жай. Мечитке келген мусулмандар Жараткандын алдында бай же кедей экендигине, түсүнө, улутуна карбастан бирдей болуп саналат. Ошондуктан мечиттер элдин ынтымагын, улуттардын арасындагы достукту бекемдей турган жай болушу керек», – деген Нуридин ажы Мамасабиров жергиликтүү элди мечитти ар дайым жандандырып турууга чакырды.

“Зулпукар уулу Суранчы ата”  мечити 300 орунга ылайыкташып, ачылыш аземинин соңунда облус казысы жалпы өлкө үчүн дуба кылды.