Жалал-Абаддагы мамлекеттик ипотекалык үйлөрдүн курулушуна зыярат жасалды

Кечээ, 18-февраль күнү Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директору Тойгонбай Абдыкаровдун демилгеси менен Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Абдулазиз кары Закиров Жалал-Абад облусунда курулуп жаткан мамлекеттик ипотекалык курулушка таандык көп кабаттуу үйдүн курулушу менен жеринен таанышты.

«Азыркы учурда жарандарыбыздын, өзгөчө жаш үй-бүлөлөрдүн үйлүү болушу татаалдашып турган маселе. Дал ушул орчундуу маселени чечүү боюнча өлкө жетекчилиги Бишкек жана Ош шаарларында, ошондой эле аймактарда мамлекеттик ипотекалык үйлөрдү кура баштаган. Муну менен өз кезегинде үйсүз замандаштарыбыз үй-жай менен камсыздалса, экинчи жагынан өлкөбүздүн инфраструктурасы барган сайын жакшыра бермекчи деп терең ишенем. Андыктан курулуп жаткан үйлөр ак жолтой болсун, берекелүү болсун деп дуба кылуу максатында зыярат кылдык», — деп билдирди Азирети Муфтий.

Мындан сырткары Жалал-Абадда курулуп жаткан мечиттердин курулушу менен таанышылып, диний объектилерди куруудан алдын тиешелүү документ иштерин ырастап, диний объектилер КР ДИМКнын эсептик каттоосунан өткөндөн кийин гана колдонууга берилиши керектиги маалымдалды.