Ат-Башыда жаңы мечит ачылып, демөөрчүгө ат мингизишти

Нарын облусуна караштуу Ат-Башы районунун  Бирлик айылында жаңы мечиттин ачылыш аземи болду. Саамалыкка Ат-Башы районунун акими Эмилбек Абдыкадыров, казынын орун басары Кумарбек Орозалиев, облустун мурдагы казысы Мамбетасан Ибраев, Ат-Башы районунун баш имам-хатибинин жардамчысы Мирбек Кулматов жана айыл тургундары катышты.

Ачылышта алгач Куран окулуп, бата кылынгандан кийин куттуктоо сөздөрү айтылды. Кумарбек Орозалиев куттуктоо сөзүн айтуу менен бирге КРнын ДИМКнын каттоосунан өткөн мечиттин күбөлүгүн имам Рысбек Исаевге тапшырып, мечиттин салынышына жакындан колдоо көрсөткөн Аман Алахуновго казыяттын Ыраазычылык баракчасын тапшырды.

Мечиттин салынып бүтүшүнө колдон келген жардамын аябаган башкы демөөрчү Аман Алахуновго айыл тургундары жана коноктору ыраазычылык айтышып, ат мингизишти.

Ошону менен катар мечиттин ачылышына утурлай айыл тургундарынын арасында өткөрүлгөн китеп окуу жана өспүрүмдөр арасында уюштурулган Куран жарышынан алдыга озуп  чыккан жеңүүчүлөргө баалуу сыйлыктар тапшырылды.