Мустафа ажы Абдиев: «Алты окуучубуз Куранды баштан-аяк хатм кылды»

Ош шаарына караштуу «Али аль-Байт» мечитинин имам-хатиби Мустафа ажы Абдиев 1,5 жылдан бери жаш өспүрүмдөргө Куран үйрөтүп жана жаттатып келет. Имам бул жолу Куран жаттоодо айырмаланган жаш өспүрүмдөргө акчалай сыйлык жана кызыктыруучу белектерди таратты.

 “Биз 1,5 жыл мурда ата-энелердин суранычы менен мечитибизде жаш балдарга Куран үйрөтүүнү баштаган элек. Окугандарга шык жаратып, Куранга кызыктыруу максатында жаттаган ар бир парасы үчүн диплом-сертификаттарды берип келебиз. Ошондой эле ата-энелердин демөөрчүлүгү менен акчалай сыйлыктар да берилет. Акыркы жакшы жетишкендиктерибиздин бири, беш-алты шакиртибиз устаздын көзөмөлүндө Куранды баштан-аяк хатм кылып окуп чыгууга жетишти. Ушундай тартип менен окутуп, мектеп, университетте билим алуу менен бирге, бош убактыларын текке кетирбей Куранды толук жаттатууну максат кылып жатабыз”, — деп билдирди имам өз сөзүндө.