Мирбек Кулматов: «Балдарыбыз бизден ала албаган тарбияны телефондон алышууда»

Нарын облусуна караштуу Ат-Башы районунун аймагында жайгашкан орто мектептерде окуучулар арасындагы кылмыштуулукту, суицидди болтурбоо, эстремизмди, зордук-зомбулукту жана эрте никеге туруунун алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

Аталган иш-чара Ат-Башы районундагы бардык мектептерде бекитилген графиктин негизинде жүргүзүлүүдө.

Саамалыкка Ат-Башы районунун ИИБинин орун басары Улан Жолдубаев, Балдар менен иштөө бөлүмүнүн башчысы Бегимай Карымшакова, Белек Төлөгөнов, Ат-Башы районунун прокуратурасынан Дастан Эрмеков, Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция бөлүмүнөн Жакшылык Токтогазиев жана Ат-Башы районунун баш имам-хатибинин орун басары Мирбек Кулматов катышты.

Иш-чара аймактагы мектеп мугалимдери, 7-11-класстын окууучулары жана ата-энелерине өтүлдү.

Жыйында баш имам-хатибдин орун басары баяндама жасап, буларга токтолду:

«Бүгүнкү күндө балдарды тарбиялоодо кечигип калып жатабыз. Биз балдардын артынан кубалап эмес, алдынан тосуп алып тарбиялашыбыз керек болуп калды. Балдар бизден ала албаган нерсени телефондон алышууда. Ал жактагы «тарбия» биздин динибиз менен каада-салтыбызга жат келген нерселер. Андыктан эртең кайгы тартып калбаш үчүн бүгүн тарбиябыздын тайкылыгын түздөп, тазасын талдап берели», – деди Мирбек Кулматов.

Айта кетсек, бул иш-чара ушул жума аралыгында Ат-Башы районундагы бардык мектептерде өтүлүп бүтмөкчү.