Комиссия ажыларды эмдөөчү дарыларды алып келген ОсОО «Фарватер» ишканасына барды

Ажылыкты уюштуруу боюнча комиссия 2024-жылдагы ажылык сапарга баруучу жарандарды эмдөөчү дарыларды Кыргызстанга алып келген ОсОО «Фарватер» ишканасына барды. Комиссия мүчөлөрү дарылардын мөөнөтүн жана жеткиликтүүлүгү менен таанышып чыгышты.