Нарында “Биз эрте никеге каршыбыз” аттуу жыйын өткөрүлдү

Нарын районуна караштуу Дөбөлү айылындагы Өмүр Токтосунов атындагы орто мектебинин 9-10-11-класстагы  окуучуларына багытталган “Биз эрте никеге каршыбыз” аттуу жыйын болуп өттү.   

Жыйынга Дөбөлү айыл өкмөтүнүн башчысы Казыбек Усупов, Нарын району боюнча ИИБдин балдар менен иштөө бөлүмүнүн инспектору Айпери Такишова, Нарын районунун баш имам-хатиби Рустам Чыров, «Демилелүү аялдар» долбоорунун төрайымы Суита Аттокурова жана мектептин мугалимдер жамааты катышты.

Жыйындын максаты окууучуларга эрте никеге туруу жаңылыш экендиги тууралуу айтылды. Ошол эле учурда кыз ала качуу, бойго жете элек кыздарга нике кыйдыруу, мыйзам алдында нике кыйган жана кыйдырган адам да жооп бере тургандыгы белгиленди.  

Нарын районунун баш имам-хатиби Рустам Чыров расмий дин кызматкерлери эрте курактагы кыздарга нике кыйбашын, мыйзамды сакташын билдирип өттү.