Ошто орозого даярдыктар көрүлө баштады

Бүгүн, 20-февраль күнү Ош шаардык казыятында калаадагы имамдарга жыйынын өткөрүлүп, алдыда келе жаткан Рамазан айына карата даярдыктарды көрүү маселеси талкууланды. 

Ош шаарынын казысынын орун басары Мухаммадияр кары Курбанбеков имамдарга орозо айын жогорку деңгээлде өткөрүү тапшырмасын берип жатып, «Рамазан айы — айлардын эң улугу. Жалпы мечиттерибизде таравих намаздарда Куран хатм окутууга аракет кылалы. Ошол хатмга чыга турган карыларды Курандын урматына сыйлап алалы», — деди.

Казы орун басары таравих намазын окууда орулууларды, кары-картаңдарды жана жаш балдарды да эске алып, намазды жамаатка карап окуу абзелдигин кошумчалады.

Ал эми казынын экинчи орун басары Исак ажы Юнусов быйылкы жылы ооз ачар дастарконун уюштурууда калктын аярлуу катмарына көңүл буруу зарылдыгына токтолуп, Рамазандын шарапаты менен ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелгендер, жетим балдар жана карылар үйүндөгү карыяларды кубантып, батасын алуу керектигин айтты.