Кызыл-Кыяда аялдар үчүн “Өзгөрүүгө карай жол” аттуу семинар уюштурулду

Бүгүн, 20-февраль күнү Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында Кадамжай районунун “Имам Азам” медресесинин жана Кызыл-Кыя шаарындагы “Азирети Айша эне” атындагы Куран жана Илим борбору тарабынан аялдарга арналган семинар өткөрүлдү. Иш-чарага дин аалымы Мукаддас ажы Кожониязов, Кызыл-Кыя шаарынын баш имам-хатиби Ниймат ажы Топчиев, диний окуу жайдын мүдүрлөрү, мугалимдер, студенттер жана ата-энерлер катышты.

Семинардын башында Кызыл-Кыя шаарыннын баш имам-хатиби Ниймат ажы Топчиев сөз сүйлөп, аялдын коомдогу орду, өзгөчө келечек урпактардын илим-билимдүү болуусуна аялзатынын кошкон салымын айтып, иш-чараны уюштурган “Азирети Айша” жана «Имам-Азам» медресесинин жамаатына ыраазычылык билдирди.

Семинарга 600 гө жакын аял катышып, аларга “Азирети Айша” окуу борборунун мугалими Фатима Назарбаева жана “Имам Азам” медресесинин мугалими Айжаркын Акбарова төмөнкү темаларда баяндама жасашты:

1. «Убакытты туура пайдалануу»

2. «Аллах берген күч-кубатты жакшы жакка иштетүү»

3. «Окуу, өнүү, өсүү»

4. «Аллах жараткан макулуктардын баарын сүйүү».