Канатбек Сыдыкбаев: «Мугалимге жакшы мамиле кылсак, кем болбойбуз»

Чүй облусуна караштуу Кемин районунун Чым-Коргон айылында «Мухаммад Саир» мечитинин имамы Канатбек Сыдыкбаев Абдыкаир Казакбаев атындагы орто мектебинин жогорку класстарынын окуучуларына ата-энени урматтоо, илим-билимге умтулуу, адеп-ахлактуу, эл-жер үчүн кызмат кылуу, мекенчил жаштардан болуу боюнча баяндама жасады.

«Адамдын көркү адилеттүүлүктө, жигиттин көркү адептүүлүктө» деген сөз бар. Пайгамбарыбыз Мухаммад (с.а.в.) куттуу хадисинде:«Аллах Таала мени кооз адеп-ахлакты толуктоо үчүн жиберди» деп айткан. Демек биз башкаларга үлгү болуп, ата-энебизге, мугалимдерге адеп менен жакшы мамиле кылып, алардын сөзүн уксак, буюрса кем болбойбуз», — деп белгиледи Канатбек Сыдыкбаев.