Исак ажы Юнусов маркумду акыркы сапарга узатуудагы шарияттык эрежелер боюнча лекция окуду

Бүгүн, 20-февраль күнү Ош шаардык казыятынын демилгеси менен Исак ажы Юнусов “Козу кызы Бурмакан” жана “Шейит дөбө” окуу борборлорунда диний билим алып жатышкан айымдарга маркумду акыркы сапарга узатуунун ислам дининдеги орду жана шарияттык эрежелери боюнча баяндама жасады.

Ошондой эле маркумдуу жуу жана кепинди туура бычууга кеңири токтолуп, берилген суроолорго жооп берди.

Иш-чаранын соңунда окуу борборорунда таалим алып жатышкан кыз-келиндер маркумду акыркы спапрга узатуудагы шарияттык эрежелер боюнча күч-сынашып, сынактын жүрүшүндө өзгөчөлөнгөн катышуучуларга сыйлыктар берилди.