Ноокатта ажы башчыларга жыйын өтүп, ажылардын делолору бөлүп берилди

Кечээ, 21-февраль күнү Ош облусуна караштуу Ноокат районунун баш имам-хатиби Бекназар ажы Жапаров райондогу ажылык сапарына баруучу 683 жаранды жетектеп бара турган 16 ажы башчыга жыйын өткөрүп, ажылардын делолорун бөлүштүрүп берди.

«Ажы башчылык кызматы жоопкерчиликтүү экендиги баарыңыздарга маалым. Ажыларыбызды жакшы алып барып келесиздер деген ишеничтебиз. Буюрса, ажылык алдында сабактарды уюштуруп, тартип эрежелерин кеңири түшүндүрөсүздөр», — деди Бекназар ажы Жапаров.

Айта кетсек, Ноокат району боюнча 25 ажы башчы сынактан ийгиликтүү өтүп, ажы башчылык сертификаттарын алышты. Алардын ичинен 16 ажы башчы Ноокат районунун жарандарын жетектеп барат.