Жалал-Абадда имамдар коопсуз миграция боюнча өткөрүлгөн семинарга катышты

Бүгүн, 21-февраль күнү Жалал-Абад шаарындагы “Дастан гранд” эс алуу жайынын жыйындар залында имамдар үчүн “Коопсуз миграция жана адам сатуунун алдын алуу” аталышындагы семинар-тренинг болуп өттү.  Семинарга Жалал-Абад облусунун мусулмандарынын казысы Нематулла ажы Жээнбеков, КР ДИМКнын Жалал-Абад облусундагы өкүлү Нурбек Кайсарбаев жана облус аймагынан чакырылган кырк имам катышты.

Тренингде Эл аралык коргоого көмөктөшүү борборунун директору Акылбек Ташбулатов имамдарга адам сатуу көйгөйү боюнча маалымат берип, учурдагы адамдарды сатуу боюнча түзүлгөн кырдаал, кооптуу миграциянын адамдарды сатуу коркунучунун фактору катары түшүнүү зарыл экендигин, адам сатуунун жана эксплуатациянын заманбап түрлөрү жөнүндө кеңири маалымат берди.

Облус казысы Нематулла ажы Жээнбеков “Адам сатуу тууралуу ислам дини эмне дейт?” деген теманын алкагында баяндама жасап, мусаапыр болуп Мекенден алыста жүргөн миңдеген мигранттардын кейиштүү тагдырларын мисал келтирди. Ал имамдарга семинардан алган пайдалуу маалыматтарды угуп эле тим болбостон, жер-жерлерде жамааттарга жеткирүү зарыл экенин кошумчалады.

Семинардын уюштуруучуларына имамдар тарабынан суроолор берилип, айрым маселелер боюнча талкуулар жүргүзүлдү.  

Иш-чаранын соңунда катышуучулар Кыргыз Республикасында адамдарды сатууга каршы күрөшүнүн Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн программасы жөнүндө, адам сатуунун белгилери, адамдарды сатуунун курмандыгы кимдер экендиги туурасында пайдалуу маалыматтарды алгандыгын айтышып, уюштуруучуларга жана демилгечилерге ыраазычылык билдиришти.