Ош шаардык казыятынын кызматкерлери «Саида Хадича» медресесин зыярат кылышты

Бүгүн, 21-февраль күнү Ош шаардык мусулмандарынын казыятынын эмгек жамааты «Саида Хадича» медресесин зыярат кылып, медресе студенттерине илим жана адеп боюнча лекция окуду. Ош шаарынын казысынын орун басары Мухаммадияр кары Курбанбеков илим алууда эң биринчи сабырдуулук талап кылынарын айтып, медреседеги жалпы студенттердин окууларына ийгилик каалады. 

Казы орун басары «Саида Хадича» медресесинин эмгек жамаатына жана окуу жайда кызмат кылып жаткан бардык кызматкерлерге ыраазычылык айтып, мыкты билим берүү үчүн мыкты шарттарды түзүү зарылдыгын айтты. 

Көптөгөн студенттерди тарбиялап, уядан учурган «Саида Хадича» медресеси Ош шаардындагы алдыңкы диний окуу жайлардын бири. Медреседе студенттерге атайын кийим тигүүчү машиналар жана бир жылдык үйрөтүү курстары каралган. 

Белгилей кетсек, Ош шаарында “Пайгамбарыбызды жакындан тааныйлы” атту конкурс уюштурулууда. Пайгамбарыбызды (с.а.в.) даңктоого багытталган сынак 2-март күнү, Ош шаарындагы аялдардын диний окуу жайлар арасындагы этабы «Саида Хадича» медресесинде, ал эми уландар үчүн “Салахидин Эшан” институтунда өткөрүлүшү күтүлүүдө.