Бүгүн, 21-февралда Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директору Тойгонбай Абдыкаров Кыргызстан мусулмандарынын жаңы муфтийи Абдулазиз Закиров менен жолугушту.
Жолугушууда Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыктарын ишке ашыруу, диний чөйрөдөгү актуалдуу көйгөйлөр, коомдогу туруктуулук, диний лидерлердин сабаттуулугун жогорулатуу, ошондой эле Кыргыз Республикасындагы дин тутуу эркиндиги жана дүйнөбий мамлекет принциптери, конфессиялар аралык толлеранттуулук, диний баалуулуктар жана сабырдуулук боюнча маселелер талкууланды.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар бири-бирине ыраазычылык билдирип, кызматташтыкты өнүктүрүүнү макулдашышты.