Нарын облусуна барган Аалымдар Кеңешинин мүчөлөрү жаштарды билимдүү болууга чакырышты

Кыргызстан Мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин мүчөлөрү Жакшылык ажы Борочоров жана Марс ажы Ибраев Нарын облусунун бардык райондорун кыдырып, имамдар жана жергиликтүү эл менен жолугушту.

Марс ажы Ибраев 1-декабрдан тарта бүгүнкү күнгө чейин Ак-Талаа районунун имамдары менен Баетов айылында, Ат-Башы районунун имамдары менен Ат-Башы айылында жолугушса, Жакшылык ажы Борочоров Жумгал жана Кочкор районунун имамдары менен суроо-жооп ирээтинде семинар өтүштү. Бул күндөрү Аалымдар Кеңешинин мүчөлөрү жалпы элдин жана дин кызматкерлеринин суроолоруна жооп беришип, айрым чечилбей турган маселелерди жазып алып, жалпы жыйында каралаарын айтышты.

Муну менен катар Аалымдар Кеңешинин мүчөлөрү жалпы элди терс диний агымдардан оолак болууга, ысырапкерчиликке жол бербөөгө жана жаштарды билимдүү бурууга чакырышты.