Азирети Муфтий Абу-Даби шаарында өтүп жаткан «Мусулман коомчулуктарында тынчтыкты бекемдөө» аталышындагы V форумга катышууда

Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушев Бириккен Араб Эмирликтеринин Абу-Даби шаарында өтүп жаткан «Мусулман коомчулуктарында тынчтыкты бекемдөө» аталышындагы  V форумга катышууда.

Эл аралык форум алкагында катышуучулар азыркы Ислам үммөтүнүн биримдиги, дүйнөлүк баалуулуктарды жайылтуу сыяктуу маселелер боюнча пикир алмашууда.

«Мусулман коомчулуктарында тынчтыкты бекемдөө» аталышындагы  V форумга дүйнөнүн 100 өлкөсүнөн дин аалымдары, серепчилер жана конфессия өкүлдөрү катышып, экстремизмдин алдын алуу, тынчтыкты орнотуу жана биргеликте иш алып баруу маселелери каралууда.