Исфанадагы “Абдулла ибн Аббас» Ислам институнда студенттер арасында таймаш өттү

Баткен облусунун Исфана шаарындагы «Абдулла ибн Аббас» ислам институнда Пайгамбарыбыздын  (с.а.в)  туулган айына карата студенттер арасында пайгамбарыбыздын өмүр жолу боюнча таймаш  өттү. Аталган иш чарага Исфана шаарынын баш имам хатиби Абдиравшан ажы Дүйшөев жана окуу жайдын мүдүрү, мугалимдер  катышты. Таймашта алдынкы орунга жеткен тайпаларга Исфана шаардык хатибияты тарабынан акчалай сыйлыктар таршырылды.

Пайгамбарыбыздын САВ өмүр жолу боюнча өткөн таймашта   1- орунга 5 миң сом, 2- орунга 3 миң сом, 3- орунга 2 миң сом жана башка белектер тапшырылды,-деди казыяттын маалымат катчысы Фуркат Авлиёев.