Аалымдар Кеңешинин мүчөлөрү Жалал-Абаддагы имамдарга маркумду акыркы сапарга узатуу жана намаз убакыттары боюнча баяндама жасашты

Жалал-Абад облусунун Ноокен, Базар-Коргон райондорунун жана Майлуу-Суу шаарынын имамдары жана азанчылары Ноокен районуна караштуу Кочкор-Ата шаарындагы  Иброхим Халил  жума мечитинде Аалымдар Кеңешинин төрагасынын орун басары Абибилла ажы  Кадырбердиевдин, Аалымдар Кеңешинин мүчөсү Абдималик ажы Турсунбековдун  шарият маселелери боюнча баяндамаларын угуп, өз ара квалификациялык билимдерин жогорулатышты.

Баяндамачылар слайд аркылуу “Маркумду акыркы сапарга узатуу” жана “Намаз убакыттары”  темалары  боюнча имамдарга түшүндүрүштү. Иш чаранын соңунда имамдар ар түрдүү шариат маселелери боюнча суроолорду беришип, Аалымдар Кеңешинин мүчөлөрү ар бир суроого кылдаттык менен  шам намазына чейин жооп беришти.

Ушундай эле, иш чара Таш-Көмүр шаарындагы Амир Хамза Ислам институтунун жыйындар залында Таш-Көмүр, Кара-Көл шаарларынын жана Токтогул райондорунун имамдарынын, азанчыларынын ошондой эле, Амир Хамза Ислам ниститутунун мугалимдерине жана анда окуп жактан студенттердин катышуусунда өткөрүлдү.