Аалымдар Кеңешинин мүчөлөрү Ала-Бука районундагы имамдар менен жолугушуп, алардын суроолоруна жооп беришти

Аалымдар Кеңешинин төрагасынын орун басары Абибилла ажы  Кадырбердиев, Аалымдар Кеңешинин мүчөсү Абдималик ажы Турсунбеков Жалал-Абад облусунун Аксы, Ала-Бука жана Чаткал райондорунун имамдары жана азанчылары менен Ала-Бука районуна караштуу Мухаммед Захид  жума мечитинде жолугушту.

Дин кызматкерлери менен жолугушуу алкагында Аалымдар Кеңешинин мүчөлөрү  “Маркумду акыркы сапарга узатуу” жана “Намаз убакыттары”  боюнча маалымат беришип, түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.

Ал эми жыйынга катышкан   500 имам  ысырапкерчилик, каза намазы, имамдын милдети,  жаназа намазы, кепиндөө, уул-кыздарга таалим-тарбия берүү, интернеттеги социалдык тармактардагы терс көрүнүштөрдүн алдын алуу боюнча өздөрүнүн суроолорун беришти.